Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Президент Сауд Арабиясынын спикери менен жолукту


22-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Эки тарап кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламент аралык мамиленин келечегин талкуулашты. Президент соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, айыл чарба боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүк көп экенин белгиледи.

Ал эми Сауд Арабиясынын парламентинин төрагасы кыргыз президенттин Сауд Арабиясына расмий сапары менен келерин күтүп жатканын маалымдады.

Сауд Араб падышалыгынын Аш-Шура Мажилисинин спикери Абдулла бин Мухаммад бин Аль Аш-Шейх ушул күндөрү Кыргызстанда жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG