Ош шаардык соту Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароону уланутуда. Анда эксперт Мая Марифбаева соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча көрсөтмө берип жатат. Анын айтымында, прокурор отурганы айтылганы “Лексус 470” үлгүсүндөгү автоунаадан алынган далил буюмдардагы кандын тактары Мамажакыповго таандык экени аныкталды. Ал эми баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, ок кайсы куралдан атылганы аныкталган эмес.
Буга чейинки отурумда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча дагы бир эксперт ок маркум Мамажакыповдун башына тийип, оң жагынан кирип, сол жагынан чачылып чыгып кеткенин айткан.
Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.
Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай келет. (MdN)