Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам 315 киши Баткен шаарына көчүрүлдү.
Бул тууралуу Кыргызстандагы "Кызыл жарым ай" коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги бөлүмүнө таянып билдирди. Маалыматка караганда, 55 киши үй-бүлөлөргө, 260ы убактылуу уюштурулган лагерлерге жайгаштырылды. Убактылуу лагерь аймактагы мектептерде ачылды. Коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн көбү аялдар жана балдар. "Кызыл жарым ай" коому чатыр, суу, тамак-аш жана жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө.
Учурда чек арадагы кырдаал боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары Кыргызстандын Дача аймагында сүйлөшүп жатат.
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү мында 15 кыргызстандык жабыркап, ооруканага түшкөнүн кабарлады. Алардын 12сине ок жаңылса, калганына таш тийген. Тажикстандын бири жараны каза таап, бир нечеси жабыркаган. “Азаттыктын” тажик кызматы алардын айрымдарынын абалы оор экенин дарыгерлердин айтканына таянып жазды.
Учурда Исфара – Ворух жолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. (КЕ/JsA)