Стамбулдагы чет өлкөлүктөр тыкыр текшерилет. Бул тууралуу маалымат Стамбул шаарынын губернаторунун расмий сайтында жарыяланды.
Полиция кызматкерлеринин текшерүүсүндө, эгер чет өлкөлүктөрдүн Стамбулда туруктуу дареги же жанында паспорту болбосо тийиштүү органдарга кабар берилери айтылган. Бул кадам өзгөчө Стамбул шаарында туруктуу жашоого уруксат алган сириялык качкындар арасында мыйзамсыз жүргөндөрдү өлкөсүнө депортация кылуу үчүн уюштурулган.
Губернаторлук текшерүү бардык чет өлкөлүктөргө тийиштүү экенин маалымдады. Стамбул шаарында жашап, эмгектенип жаткан чет өлкөлүктөрдү жанында туруктуу жашоого уруксат визасын же паспортун алып жүрүшү керектигин эскертти.
2018-жылдын расмий статистикасы боюнча Стамбул шаарында 522 миңден ашык чет өлкөлүк жаран катталган. 547 миңден ашык сириялык жаран расмий качкын статусун алган. Стамбул шаарынын 15 миллиондон ашык калкы бар. (ElB)