Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

Атамбаев ИИМдин Батукаев боюнча суроолоруна ЖМК аркылуу жооп берет


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Ички иштер министрлигине суракка барууга ниети жок. Бирок Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулганы боюнча ИИМдин суроолоруна маалымат каражаттары аркылуу ачык жооп берүүгө даяр.

Бул тууралуу Атамбаевдин өкүлү, адвокат Сергей Слесарев тараткан билдирүүдө айтылат.

“Мурдагы президент Батукаевдин иши, ИИМге суракка чакырылганы боюнча бир нече жолу комментарий берген жана мамлекеттик органдарды мыйзамды сактоого чакырган”, - деп белгиленген билдирүүдө.

“ИИМ органдарынын экс-президент Атамбаевдин тегерегинде атайылап жасаган чыңалуусун эске алып, кырдаалды жөнгө салуу максатында Алмазбек Атамбаев Батукаев боюнча тергөөнүн жазуу түрүндө берген суроолоруна маалымат каражаттары аркылуу ачык жооп берүүгө даяр. Бул мыйзамды бузбай, элге ачык жооп берүүсү болот, бирок сурак форматында эмес”, - деп айтылат билдирүүдө.

Адвокат ИИМ жетекчилеринин Атамбаевге барышын “мыйзамсыз аракеттер” деп атаган.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан.

Мурдагы президенттин тарапкерлери муну "саясий куугунтук" деп атап, Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевдин үйүндө “элдик штаб” түзүп, топтолуп турат.

22-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барганы белгилүү болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG