Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Декларатор: Дастан Жумабеков декларация толтурганда бизнесин жашырган


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков үй-бүлөсүнүн, туугандарынын бизнесин, мүлкүн декларация толтурган кезде жашырган.

Бул тууралуу Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана мүлкү боюнча декларациялык маалыматтардын базасы болгон declarator.politmer.kg порталы жазып чыкты.

Декларацияда көрсөтүлгөн маалымат боюнча спикердин бир жылдык кирешеси 715-770 миң сомду түзөт. Бул айына 60-64 миң сом табат дегенди билдирет. Декларацияда 59 чарчы метрлик гана батирге ээлик кыла турганы көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда аялы Алина Кушубекованын бизнесин көрсөткөн эмес. Declarator.politmer.kg сайтынын жазганына караганда, дары-дармек сатуучу “Аль-Био Фарм” ишканасына ээлик кылат. Ишкана 2018-жылы 93 миң сом салык төлөгөн. Мындан сырткары спикердин декларацияда көрсөтүлбөгөн “Артисбек Ата балдары” айыл чарба кооперативи да бар экени көрсөтүлгөн.

"Дастан Жумабековдун аялынын бизнеси декларацияга түшпөй калган. Ал аябай жакын киши болуп эсептелет. Анын бизнеси акыркы үч жылдан бери иштеп келатат. Тилекке каршы мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү мыйзамга каршы келип, ишкерлик менен алектенип жатканы билинди. Бул өтө туура эмес көрүнүш. Жөнөкөй адамдардан мыйзамдын аткарылышын талап кылып жаткан бийликтегилердин ушундай жолго барып жатканы өкүндүрөт", - деди Рolitmer.kg и factcheck.kg интернет-ресурсунун журналисти Наргиза Нанакеева.

Бул маалымат боюнча Жумабековдун өзү жана жакындары менен байланышуу аракетибизден майнап чыга элек.

Төрага 3-июлдагы маалымат жыйында аялы Алина Кушубекованын чакан компаниясы бар экенин айтып, бирок “ар түрдүү ушак-айыңдан алыс болуу үчүн бизнесин токтотконун” билдирген.

Кыргызстандын мыйзамдары (“Кызыкчылыктар кагылышы” жана “Муниципалдык жана мамлекеттик, жарандык кызмат”) мамлекеттик кызматта туруп ишкерлик менен алектенүүгө жол бербейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG