Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Чек ара чырынан кийин тажик тарап Исфана-Баткен жолун жапты


Исфана-Баткен жолу.
Исфана-Баткен жолу.

Чек ара чатагынан кийин тажик тарап Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен жолун жапты. Бул маалыматты Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз өкүлү “Азаттыкка” ырастады.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү мында 15 кыргызстандык жабыркап, ооруканага түшкөнүн кабарлады.

Алардын 12сине ок жаңылса, калганына таш тийген. Тажикстандын бир жараны каза таап, бир нечеси жабыркаган. “Азаттыктын” тажик кызматы алардын айрымдарынын абалы оор экенин дарыгерлердин айтканына таянып жазды.

Ушул окуядан кийин кыргыз тарап Исфара – Ворух жолун жапкан. Кыргызстандын чек ара кызматы абал салыштырмалуу туруктуу экенин белгилеп жатат. Учурда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган тийиштүү өкмөт өкүлдөрү Баткенде жүрөт.

Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG