Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:03

Зариф: Тегеран Лондон менен мамилени бузууну каалабайт


Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун катери Британия желеги менен бараткан "Stena Impero" танкерине жакындап келген учур.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Британиянын премьер-министри болушу ыктымал деген Борис Жонсон Тегерандын Лондон менен каршылашуу ниети жок экенин билиши керек деп айтты.

Ушул тушта Никарагуада иш сапарда жүргөн министр "Al Arabiya" телеканалына берген маегинде Иран эки өлкөнүн алака-катышын жакшыртууга кызыкдар экенин билдирди. Буга чейин Борис Жонсон эгер ал Британиянын премьер-министри болуп калса, АКШнын Иранга карата аскердик операциясын колдобой турганын айткан.

Британияда бүгүн, 23-июлда консерваторлордун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы жарыяланат. Анын натыйжасында партиянын жаңы лидери жана өлкөнүн 77чи өкмөт башчысы ким болору аныкталат.

Соңку жума күнү Иран Ормуз кысыгында Британиянын желеги тагылган, кара май ташыган кеме кармалганын билдирген. Лондонду эл аралык мыйзамдарды бузду деп айыптаган. Британ тышкы иштер министри Жереми Хант "Тегеран 23 экипаж мүчөсү бар танкерди коё бербей турган болсо катаал чара көрүлөт" деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG