Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Казак министри журналисттерге чабуул коюлганы тууралуу дооматты четке какты


Алматыда белгисиз адамдар журналисттерге кол көтөрдү, 22-июль, 2019-жыл.
Алматыда белгисиз адамдар журналисттерге кол көтөрдү, 22-июль, 2019-жыл.

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев 22-июлда Алматы шаарында журналисттерге, анын ичинде "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчыларына чабуул жасалганы тууралуу комментарий берди. Анда кимдир бирөөлөр атайлап журналисттерге кол көтөрүп, опузалоону уюштуруп жатат деген дооматтарды четке какты.

22-июлда "Азаттыктын" журналисттери Казакстандын адам укуктары бюросуна «Мамлекет энелер жана балдар менен күрөшүп жатат» деген темадагы маалымат жыйынды чагылдыруу үчүн барган. Бирок 20 чакты аял кирип келип, ызы-чуу салып, журналисттерге кол көтөрүшкөн, техникаларын сындырышкан. Жыйын үзгүлтүккө учураган.


Буга байланыштуу "Азаттык" радиосунун, "КазТаг" агенттигинин кабарчылары полицияга арыз жазган. Алматы шаардык полиция окуяга байланыштуу "өзүмбилемдик" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Казакстанда буга чейин да "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчыларына жумуш маалында белгисиз адамдар тоскоолдук кылган, кол көтөргөн учурлар байма-бай орун алып жаткан.

16-июлда “Азаттык” полициянын аракетсиздиги боюнча бул өлкөнүн Башкы прокуратурасына арыз жазган. Ага азырынча жооп келе элек.

"Эркин Европа/Азаттык радиосу" медиакорпорациясы Казакстандагы журналисттерине жасалган тоскоолдукту "Көз карандысыз журналисттерге кысым жана саясий окуялардан кабар таратууга аракеттенген маалымат каражаттарын көзөмөлдө кармоо аракети" деп баалаган.​

XS
SM
MD
LG