Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 13:33

Венесуэла: Каракас шаары электр жарыксыз калды


Каракас шаары 22-июлда жарыксыз калды

Венесуэланын борбору Каракас шаарында 22-июль күнү электр жарыгы жапырт өчүп калды. Метро иштебей, жолдогу жарыктардын баары өчүп, Каракаста башаламандык болду. Маалымат министри Хорхе Родригес энергиянын өчүрүлүшүн "электр магниттик чабуул" менен түшүндүрдү.

Март айында да шаарда ушундай эле жагдай болгон жана анда бийлик аны "диверсия" менен түшүндүргөн. Бирок жергиликтүү элдин көбү буга ынабай, элетр жарыгынын жапырт өчүп жатканын системанын эскилиги жетип, өкмөт трансформаторду оңдоого чамасы жетпей жатканы менен байланыштырган.

Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр да жарыктын улам-улам өчүшү үчүн бийлик жооптуу деп эсептейт.

Өлкө бир нече жылдан бери экономикалык кааатчылыктан чыга албай келет. Инфляция, жумушсуздук, зарыл дары-дармектердин жана азык-түлүктүн тартыштыгынын айынан миңдеген адам жер которууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG