Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:58

Аба ырайы: жамгыр жаабайт


Алай өрөөнү.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 33...38,

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12...17, күндуз 25...30,

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн 20...22, күндүз 34...36 градуска ысыйт, жаан-чачын болбойт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG