Орусиянын Хабаровск крайында "Холодоми" тоо-лыжа комплексиндеги чатырлар лагеринде өрт чыкты. Аймактын губернатору кырсыктан төрт бала өлгөнүн ырастады. Өрт учурунда 11 жаштагы кыз каза болгон. Андан кийин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай жаткан бир секелек кыз менен эки бала ажал тапты. Дагы тогуз бала жаракат алганы кабарланды.
Лагердеги 26 чатырдын 20сы толугу менен күйүп кеткен, өрт чыккан маалда ал жерде 189 бала болгон. "ТАСС" маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарын таянып, лагердин кызматкерлери алгач өртү өздөрү өчүрүүгө аракет кылганын, өрт өчүргүчтөрдү кеч чакырышканын жазды.
Тергөө комитети окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Лагердин жетекчиси Максим Кузнецов камакка алынды. "Холодоми" комплекси ишин токтотту.