Линктер

жекшемби, 25-август, 2019 Бишкек убактысы 18:03

ӨКМ: алты айда өрт кырсыгынан 26 киши каза тапты


Кыргызстанда жыл башынан бери өрт кырсыгынан 26 кишинин өмүрү кыйылган. Өлкө боюнча 1356 өрт катталып, тилсиз жоонун чыгымы 237 млн. сомду түздү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын өкүлү Азиз Бейшекеев маалымдады.

Кыргызстанда күн катуу ысыганына байланыштуу акыркы айларда өрт кырсыгы көп катталып жатат. Өрткө каршы кызматтын маалыматы боюнча, күнүнө кыркка жакын өрт чыгат. (SA/TSh)

XS
SM
MD
LG