Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Атамбаев: Орусияга Канттагы авиабаза аркылуу учам


Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапкерлери менен жолугушууда. 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапкерлери менен жолугушууда. 27-июнь, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусияга Канттагы авиабаза аркылуу учат. Бул тууралуу ал бүгүн Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал «Азаттыктын" "Эмне үчүн "Манас" аба майданы аркылуу эмес, Канттагы авиабаза аркылуу учуп жатасыз?" деген суроосуна:

«Аны ар бир акылдуу адам түшүнөт. Азыр Кыргызстанда бийлик эч кандай мыйзамды сыйлабайт. Каалаганын жасап жатат. Ошондуктан мен алдын алып жатам», - деп жооп берди.

Ал Орусияга бүгүн 11лерде учууну пландашканын, бирок саат 12:30га жылганын, Кыргызстанга кайра эртең (25-июлда) кайтып келерин билдирди, бирок сапардын максатын айткан жок.

Алмазбек Атамбаев жоон топ тарапташтарынын коштоосунда атайын даярдалган автоунаалар менен Канттагы Орсиянын авиабазасына жөнөп кетишти.

Расмий тарап бул окуяга комментарий бере элек.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө «элдик штаб» түзүп, топтолуп турушат. (BTo)

XS
SM
MD
LG