Баткендин Дача аймагында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин кезектеги жолугушуусу башталды.
Эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери 23-июлда да жолугушуп, Тажикстандын Ворух анклавы менен Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундарынын ортосундагы чырды биргелешип иликтөө боюнча чечимге келишкен. Ошондой эле чек ара тилкелерин чогуу кайтарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашкан.
Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.
Тажикстандын чек ара кызматы болсо, кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирип жатат. (BTo/JsA)