Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Абылгазиев: Өлкөдө 25 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарым жылда Кыргызстанда 108 ишкана ачылып, 25 миң 200 жумуш оруну түзүлгөнүн билдирди. Анын ичинен 23 миң 500 жумуш оруну жеке ишкерлер ачкан ишканаларга таандык.

Ал бул тууралуу өкмөттүн 24-июлдагы жыйынында айтты. Абылгазиев жаңы жумушчу орундарды түзүү өкмөттүн негизги иши экенин белгилеп, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы иштерге токтолду.

«Ачык тендердин жыйынтыгында «Макмал» кенине 75 миллион долларлык инвестиция келди. «Кичи Чаарат» ачууга даяр болуп калды. Кенге 140 миллион доллардан ашык инвестиция болот. 450гө жакын жумуш оруну ачылат», - деди Абылгазиев.

Ал макроэкономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, биринчи жарым жылдыкта өлкөнүн ички дүң өнүмү 232,5 млрд. сомду түзүп, 6,4 пайызга өскөнүн, «Кумтөр» ишканасын кошпогондо өсүш – 2,1 пайыз болгонун айтты.

XS
SM
MD
LG