Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Айыл өкмөттүн башчысы дүйнөлүк чемпионатта байге алды


Ысык-Көл районунун Темир айыл аймагынын башчысы Бакыт Байгазаков Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн кармаш уруш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалды жеңип алды.

Байгазаков Кыргызстандын курама командасы менен барган. Чемпионатка 37 мамлекеттен спорт чеберлери катышты.

48 жаштагы Бакыт Байгазаков Темир айыл өкмөтүн эки жылдан бери башкарат. Милициянын ардагери. Ага облус бийлик өкүлдөрү ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG