Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Өкмөт күзүндө пенсия жана мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрүн маалымдады


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы, ал эми 1-октябрдан тартып пенсия көтөрүлө турганын билдирди. Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү өкмөттүн жоопкерчилиги экенин белгиледи.

Премьер-министрдин маалыматында, 2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 30% жогорулады. Мамлекеттик кадр кызматынын жана спорт машыктыруучуларынын эмгек акысы 50% жогорулаган.

Жыл башында Финансы министрлиги 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда орточо айлыктын өсүшү 3,8 пайызды түзүп, 16 миң 218 сом деп эсептелгенин билдирген.

2018-жылы ноябрь айында Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы орточо эмгек акынын өлчөмү 15 миң 752 сом (226 доллар) сомду түзгөнүн кабарлаган. 2017-жылы бул көрсөткүч 14 миң 800 сом болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG