Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Баткенде сот аткаруучу пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын улук сот аткаруучусун пара менен кармады. Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабаралагандай, ал 23-июлда колго түшкөн.

Ага каршы «М.С» аттуу жаран кайрылып, сот аткаруучу соттун чечими менен камактан чыгарылган кыймылсыз мүлктүн 10 пайыз үлүшүн (18 600 сом) талап кылганын, андан тышкары дагы 10 миң сом мыйзамсыз сураганын айтып, арызданган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү («Пара талап кылуу») боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Пара менен кармалган улук сот аткаруучу Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG