Нарындын Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн малдан уулануу белгиси аныкталган жок. Өлгөн койлордон ичеги курт жана пастрилес ылаң чыкты.
Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Солтон-Сарыда бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар жолугушуп жаткан кезде айтты.
Ал аталган ылаң эмделбеген кой-эчкиге жукканын, эки кой жана бир тирүү козудан анализ алынганын билдирди. Солтон-Сарыда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрү бүгүн, 25-июлда жергиликтүү эл менен жолугушуп жатат.
Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши 15-июлда Нарын облустук администрациясынын имаратына барып, «кен иштеткен компания агын сууну булгап, анын айынан жайыттагы мал жапырт кырылууда» деп айтып чыгышкан. Алар кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылышкан.
Мунун алдында социалдык тармактарда «Солтон-Сарыда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы» тартылган видеолор тараган.
«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.
Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бары айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт. (BTo/MiK)