Бишкекте түзүлө турган Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандап алуу боюнча сынактын экинчи туруна документтерди кабыл алына башталды.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу 24-августка чейин уланат.
Буга чейин Патрулдук милицияга кабыл алуунун биринчи туру жыйынтыкталып, сынактан өткөн 356 адам окутула баштады. Патрулдук милицияга жалпы 871 кызматкер талап кылынат.
Аталган кызмат алгач 2019-2020-жылы пилоттук негизде Бишкек шаарында ишке ашып, кийин башка облустарда да иштей баштары жарыяланган. Сынактарга күч тармагында иштегендерден тышкары жөнөкөй жарандар да катышууда.
Долбоордун жетекчилери Патрулдук милициянын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, кызматкерлердин айлыктары 21 миң сомдон 30 миң сомго чейин болорун убада кылышууда. (BTo)