Каракол шаарында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Диний кырдаалды изилдөө борбору жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) укук коргоо органдарынын кызматкерлерине экстремизмге жана терроризмге каршы эки күндүк окутуу иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
Тренингдин максаты - радикалдуу жана экстремисттик идеологияларды жайылтуунун алдын алууда мамлекеттик органдардын дараметин чыңдоо, экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иштелип чыккан окутуу материалдары аркылуу укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн окутуу.
Учурда тренинг Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол, Балыкчы шаарларында өтүп, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң райондорундагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү окуп жатат.
Тренингди август айынын ичинде республиканын бардык аймактарында өткөрүү паландалууда. (BTo)