Хабаровск крайынын соту төрт баланын өлүмүнө алып келген кырсык боюнча талаа лагеринин директору Максим Кузнецовду жана анын негиздөөчүсү Виталий Бурлаковду камакка алды. Алар “талапка жооп бербеген кызмат көрсөтүү ишин уюштурган” деп айыпталууда.
Балдар лагеринде өрт 23-июлда түн ичинде тутанган. Анда 26 чатырдын 20сы толугу менен күйүп кеткен, өрт чыккан маалда ал жерде 189 бала болгон.
ТАСС маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарга таянып, лагердин кызматкерлери алгач өрттү өздөрү өчүрүүгө аракет кылганын, өрт өчүргүчтөрдү кеч чакырганын жазды.
Орусиянын Тергөө кызматы лагердеги өрткө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Эдуард Новгородцевге да кылмыш ишин козгогон.