Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Борис Жонсон өкмөттүн биринчи жыйынын өткөрдү


Борис Жонсон
Борис Жонсон

Британиянын жаңы премьер-министри Борис Жонсон шаршемби күнү министрлер кабинетинин алгачкы жыйынын өткөрдү.

Өкмөт башчы алдыда өлкө үчүн өтө маанилүү максат турганын айтып, Британия 31-октябрда же балким андан эрте Европа биримдигинен чыгарын билдирди. “Эч кандай “эгер”, “бирок” деген шарт болбойт”, - деди премьер.

23-июлда Лондон шаарынын мурдагы мэри, мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон консерваторлор партиясынын лидери болуп шайланып, мурдагы өкмөт башчы Тереза Мэйдин ордуна келген.

Ал Евробиримдик менен "Брекзит" боюнча жаңы келишим түзөрүнө убада кылып келе жатканы менен шаркеттин лидерлери келишим долбоору кайра жазылбай турганын кескин эскертишкен. Буга чейинки документти британ парламенти бир нече жолу четке каккан.

XS
SM
MD
LG