Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

МГУнун студенттери Азат Мифтаховду колдогон акция уюштурду


“МГУнун демилгелүү тобу” 25-июлда университеттин алдына “Азатка эркиндик!” деп жазып коюшкан.
“МГУнун демилгелүү тобу” 25-июлда университеттин алдына “Азатка эркиндик!” деп жазып коюшкан.

Москва мамлекеттик университетинин студенттери алты айдан бери камакта жаткан механика-математика факультетинин аспиранты Азат Мифтаховду бошотууга чакырган акция өткөрүштү.

Адам укугун коргоочулар "жаш окумуштуу саясий жүйө менен камалды жана ал кыйноого кабылышы мүмкүн" деп билдирүүдө.

“МГУнун демилгелүү тобу” 25-июлда университеттин алдына “Азатка эркиндик!” деп жазып, “ВКонтакте" социалдык тармагына билдирүү таратышкан. Алардын айтымында, ректор Виктор Садовничий бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын башкаруучу кеңешинин мүчөсү болгондуктан аспирантты бошотууну талап кылышы керек.

“Биз жаш окумуштууну бошотуунун бардык жолдорун колдонобуз” деп айтылат “МГУнун демилгелүү тобу” тараткан маалыматта.

2018-жылдын январында белгисиз бирөөлөр "Бирдиктүү Орусия" партиясынын кеңсесинин терезесин талкалап, ичине күйүп жаткан шам ыргыткан.

Партиянын кеңсине өрт коюу боюнча кылмыш иши иши былтыр январда башталып, бирок шектүү адамдар аныкталбаганы үчүн токтотулган. Иш быйыл 7-февралда кайра жанданып, Мифтахов кармалган.

Анын адвокаты Светлана Сидоркинанын журналисттерге айтканына караганда, Мифтаховду тергөөнүн жашыруун күбөсү “анын кашынан” улам тааныган.

Мифтахов 1-февралдан бери укук коргоо органдарынын колунда. Ал кыйноого кабылганын айтып даттанган, кан тамырын кыйып салууга аракеттенген. Мифтахов менен кармалгандардын дагы бирөө кыйноого кабылганын айткан.

Окумуштуулар жана укук коргоочулар аспирантты тезинен бошотууну талап кылып, орус бийлигине ачык кат жолдошкон.

Адвокаттар болсо кыйноо фактысын иликтөөнү талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG