Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Орусиядагы активисттин өлүмүнө шектүү Кыргызстанда туулганы кабарланды

25-июлда орусиялык Мeduza сайтты Санкт-Петербург шаарында активист Елена Григорьеванын өлүмүнө шектүү кармалганын жазды.

Мeduza полициянын маалыматына таянып, кылмышка шектүү 1981-жылы Кыргызстанда туулганын жазып жатат. Бирок, азырынча аты-жөнү айтылган жок. Тергөө комитети активист шектүү менен мурда тааныш экенин жана турмуштук пикир келишпестиктен чатак чыгып кеткенин маалымдады.

20-июлда активист Елена Григорьеванын сөөгү үйүнөн анча алыс эмес жерде табылган. Активисттер Ички иштер министрлигинен “Пила против ЛГБТ” уюумун Еленанын өлүмүнө тиешеси бар-жогун текшерүүсүн өтүнгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG