Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Украина орусиялык танкердин экипажын бошотту


Измаил портунда кармалган орусиялык танкер
Измаил портунда кармалган орусиялык танкер

Украинанын коопсуздук кызматы Орусиянын "Нейма" танкеринин экипаж мүчөлөрүн бошотту. Кемеде он адам болгон.

Расмий Киев бул танкер былтыр ноябрь айында ФСБнын жогорку кызмат адамдарынын буйругу менен Керч кысыгын бууп, украиналык үч кемеге «куралдуу агрессия жасаганы үчүн» кармалганын кабарлаган.

Орусиялык кеме 24-июлда Одесса облусундагы Измаил портуна келгенде кармалган. Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова ушул тушта орус моряктары автобус менен Молдовияга баратканын, андан ары Москвага учуп келишерин билдирди.

Бул Орусия менен Украинанын ортосундагы деңиз аскерлерине байланышкан биринчи окуя эмес. Былтыр 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кеткен.

XS
SM
MD
LG