Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Көлмө конушунун тургундары автобустук каттамды калтырууну талап кылышты


Көлмө конушунун тургундарынын митинги. 26-июль, 2019-жыл.
Көлмө конушунун тургундарынын митинги. 26-июль, 2019-жыл.

Бишкек шаарына караштуу Көлмө конушунун 50дөй тургуну 26-июлда аталган кыштакта нааразылык акциясына чыгып аларга келген каттамды калтырууну талап кылышты. Алар кичи автобустарга караганда чоң транспорттор ыңгайлуу экенин айтып, калаа жетекчилигин каттамды ишке ашырып жаткан фирма менен келишимге келүүгө чакырышты.

Бир күн мурда Бишкек шаардык мэриясы аталган конуш менен №5 каттамды ишке ашырган «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын келишимин токтоткон. Калаа администрациясы мунун себебин аталган фирма бир катар талаптарды аткарбаганы менен түшүндүргөн. Мэриянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө «Шыдыр Жол Кей Джи» быйыл аталган каттамды 25-январдан баштоого милдеттүү болгонун, Кытайдан автобус келбей калганына байланыштуу алгач 15-майга, кийин июлга жылып кеткени айтылат.

«Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын юристи Марат Сейдылдаев массалык маалымат каражаттарына автобустар жыл башында Кытайдагы майрамдарга байланыштуу кечиккенин, аз убакыттан кийин бардыгы келе турганын билдирүүдө. Ал ушул убакытка чейин компания банктан насыя алып, 1 миллион доллардан ашык наркка ээ 18 автобусту алып келгенин кабарлады. (ErN)

XS
SM
MD
LG