Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:19

Финполиция алты айда 2 млрд. 826 млн. сомду бюджетке кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 2019-жылдын алгачкы алты айында (январь-июнь) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 1495 иш катталып, келтирилген чыгым 4 млрд. 399,9 млн. сомду түзгөнүн билдирди.

Анын ичинен 2 млрд. 826,2 млн. сом бюджетке кайтарылган. Финансы полициясы коррупциядан кайтарылган каражат түшчү бирдиктүү депозиттик эсеп ачылгандан бери ага 738 млн. 441 миң сом которгонун кошумчалады.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иштердин ичинен 366сы салыктык мыйзам бузууларга туура келет. Келтирилген чыгымдын көлөмү 3 млрд. 863,3 млн. сомду түзсө анын 2 млрд. 222,8 млн. сому бюджетке кайтарылган.

Кызматтык кылмыш иштерине байланыштуу 61 факты, пара талап кылуу боюнча 10 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Андан тышкары аткезчилик, бажы төлөмдөрүнөн качуу, мыйзамсыз товар ташууга байланыштуу 40 иш катталып, келтирилген чыгым 30,4 млн. сомду түзгөн. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 40,5 млн. сом өндүрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG