Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

УКМК: Тарасенкону кайра суракка чакырууну Башкы тергөө башкармалыгы чечет


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) дизайнер Никита Тарасенконун атайын кызматка суракка келбегени боюнча комментарий берди.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта «эми аны кайра суракка чакырууну УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы чечет» деп айтылат.

Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке 26-июлда күбө катары сурак бериши керек болчу. Бирок ал «Фейсбуктагы» баракчасына уктап калганын, УКМКга 27-июлда бара турганын жазды.

Тарасенко атайын кызмат аны «Фейсбук» баракчасына жарыялаган тамашасы үчүн чакырып жатышы мүмкүн деп божомолдоп атат. УКМК 24.kg агенттигине Никита Тарасенко диний аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча күбө катары суракка чакырылып жатканын билдирген. Бирок атайын кызмат кайсы пост үчүн экенин айткан эмес.

Никита Тарасенко 24-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы, депутат Асылбек Жээнбеков, Матраимовдордун бир туугандарына окшош кишилердин сүрөтүн чыгарып, «Ошская ОПГ» деген пост жазган.(BTo)

XS
SM
MD
LG