Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Кыргыз-тажик президенттери эл менен жолукканда ынтымак тууралуу айтышты


Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Сайдын тургундары менен жолугушууда. Баткен району. 26-июль, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Сайдын тургундары менен жолугушууда. Баткен району. 26-июль, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик президенттеринин эл менен жолугушуусунда ынтымак тууралуу кеп болду.

Бул тууралуу Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну, аймактык оорукананын жетекчиси Маида Атаханова “Азаттыкка” билдирди. Ал 26-июль күнү Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин Ак-Сай-Ворух айылдарынын тургундары менен жолугушуусуна катышкан.

"Бул жолугушууда эки элдин ынтымагы тууралуу кеп болду. Чек ара жөнүндө айтылган деле жок. Алар бизге ынтымакта жашоо тууралуу насаат-кеңештерин айтышты. Алардын кеңешин, достук жөнүндөгү сөздөрүн угуп кайтып келдик. Айрым адамдар өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирди", - деди Маида Атаханова.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-июль күнү Баткен районунун Ак-Сай, Тажикстандын Ворух айылынын чектешкен жеринде эл менен жолугушту.

Президенттер эки элди сабырдуулук менен ынтымакта жашоосун өтүнүштү. Андан кийин президенттердин сүйлөшүүсү Тажикстандын Исфара шаарында уланды. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара маселесин Исфарадан кийин Чолпон-Атада талкуулашат. Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чараларды талкуулашат.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон. Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө. (ZKo/MdN)

XS
SM
MD
LG