Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Австрия орусиялык жаранга эл аралык издөө жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Австрия Орусиянын жараны Игорь Зайцевге эл аралык издөө жарыялады. Өлкөнүн коопсуздук кызматы 65 жаштагы Зайцевди "тыңчы жана Башкы чалгын башкармалыгында иштейт" деп айыптап жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттар Зайцевдин иши өткөн жылы күзүндө Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп шек саналган австриялык полковник менен байланышы болушу мүмкүндүгүн жазды.

Анда мурдагы аскер кызматкери 1990-жылдан тарта орус тыңчылары менен байланышта болгону, Австриядагы миграциялык кризис, аскер авиациясы жана артиллериялык система тууралуу маалымат топтоп берип жүргөнү айтылган.

Полковникке "Москва менен 20 жылдай тымызын кызматташуудан 300 миң евро акча пайда тапкан" деген айып тагылган. Кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Бул окуянын айынан ошол кездеги Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль Орусияга сапарынан баш тарткан. Ошол кездеги премьер-министр Себастьян Куртц Орусиянын тыңчылык аракеттерин сынга алган. Москва болсо Венанын дооматтарын четке каккан.

XS
SM
MD
LG