Британиядагы медиа тескөөчү мекеме "Ofcom" орусиялык RT телеканалына (мурдагы Russia Today каналы) бир жактуу маалымат таратканы үчүн 200 миң фунт айыппул салды. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.
Былтыр жыл аягында "Ofcom" RT телеканалы 17-марттан 22-апрелге чейинки жети жолку берүүсүндө "бейтарап маалымат таратуу эрежелерин бузду” деп билдирген. Сюжеттер негизинен Солсберидеги окуя, Сириядагы куралдуу жаңжал тууралуу болгон.
Буга жооп ирээтинде Орусиянын “Роскомнадзор” мекемеси Британиянын Би-Би-Си дүйнөлүк жаңылыктар кызматынын (BBC World News) Орусиядагы ишмердигинде “мыйзам бузуу болду” деп айтып чыккан. Аталган мекеме эгер Британия RT телеканалына кандайдыр бир чара көрө турган болсо, Москва Би-Би-Синин орус кызматын да "жазалай" турганын эскерткен.
Би-Би-Си компаниясы «өз аудиториясына бейтарап кабар жеткирүү үчүн Орусияда мыйзамга жана эрежелерге ылайык иш жүргүзө турганын» билдирген.