Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:56

АКШ: Иран ортоңку аралыктагы ракета учурду


"Шахаб-3" үлгүсүндөгү ракета, Тегеран шаары (архив)

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өлкөнүн атайын кызматтарына шилтеме кылып, Иран "Шахаб-3" үлгүсүндөгү ортоңку аралыктагы ракеталарын учурганын билдирди. Ага ылайык, ракеталар Тегерандан анча алыс эмес жерде учурулган жана миң чакырым аралыкка чейин жеткен, бирок Ирандын аймагынан ары өткөн эмес. Помпео "Тегеран ракетанын бутага жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу максатында сынаганын" айтты.

Иран ракета учурганы тууралуу комментарий бере элек.

Өткөн жылдын аягынан бери Вашингтон менен Тегерандын алакасы курчуп жатат. Анда АКШнын президенти Дональд Трамп өзөктүк келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө кылып, АКШ бул документтен чыгарын жарыялаган. Ага улай эле Иранга салынган санкцияларды кайра жанданткан.

Быйыл май айында Иран бийлиги өзөктүк келишимдин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерин акырындан кыскартарын ​ билдирген.

Ушул айдын башында Иран уран байытууну 2015-жылкы өзөктүк келишимде белгиленген көлөмдөн ашыра баштаган.

XS
SM
MD
LG