Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Румынияда өспүрүм кыздын жоголгонуна байланыштуу полиция башчысы кызматтан алынды


Николае Мога.
Николае Мога.

Румыниянын ички иштер министри Николае Мога 26-июлда полициянын начальниги Ионна Будуну, Олт округунун эки башчысын кызматтан алды.

Алар өлкө түштүгүндөгү Каракал шаарында 15 жаштагы өспүрүмдүн жоголуп, кийин зордукталып, өлтүрүлүшүнө байланыштуу иштен алынган. Буда полициянын начальниги болуп былтыр июндан тарта иштей баштаган.

Ыкчам жардам берүү борборунун маалыматына караганда, маркум 112 номуруна 25-июнда үч жолу жардам сурап чалган. Кыз белгисиз киши аны уурдап кеткенин айткан. Бирок полиция ыкчам чара көргөн эмес жана кызды уурдаган кишинин үйүн 19 сааттан кийин гана тапкан.

Кылмышка 65 жаштагы механик шек саналып жатат. “Эмнени күтүшкөн, муну такташ керек. Ал кызды өлтүрбөй сактап калса болот эле”, - деген баш прокурор Богдан Лику "Antena3" телеканалына курган маегинде.

Жергиликтүү маалымат каражаттары окуя тууралуу кабарлаганда, 26-июль күнү кечинде жүздөгөн адамдар шектүүнүн үйүнүн алдында каршылык акциясына чыгышты.

Президент Клаус Иоханнис жана премьер-министр Виорика Дансила кылмышты иликтеп, күнөөлүүнү жоопко тартууга чакырды.

XS
SM
MD
LG