Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:11

Иран жана Омандын тышкы иштер министрлери Тегеранда жолукту


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф . 27-июль
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф . 27-июль

Ишембиде Иран менен Омандын тышкы иштер министрлери Мохаммад Жавад Зариф жана Юсеф бен Алави Тегеранда жолугушту. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин "Телеграм-каналындагы" маалыматта “эки тараптуу кызматташтык, эки өлкө ортосундагы мамиле жана аймактагы, дүйнөдөгү соңку кырдаал талкууланганы” айтылат. Министрлер Тегеран менен Маскаттын ортосундагы консультацияны улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Буга чейин Омандын Консультативдик кеңешинин вице-спикери (Межлис аш-Шура) Мухаммед Абу Бакр Салем ал-Гасани Оман Султанаты АКШ менен Иранга ортомчу болууга даяр экенин билдирген.

АКШнын президенти Дональд Трамп шаршемби күнү Иран өзүнүн кооптуу аракеттерин, анын ичинде өзөктүк курал ишмердиги боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса, Вашингтондун Тегеранга санкциясы жакынкы күндөрү “катаалдай” турганын билдирген.

Оман Перс булуңу, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттарына салыштырмалуу Иранга карата нейтралдуу позицияны карманып, араб өлкөлөрү менен Тегерандын, ошол эле кезде Иран менен АКШнын ортосунда ортомчу ролду аткарып келет.

Иран, Оман дипломаттарынын жолугушуусу Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалуу күчөгөн учурга туш келди.

Өткөн айда Иран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөндөн кийин эки өлкөнүн ортосунда жаңжал курчуп кеткен. Дональд Трамп Иранга сокку урууга буйрук бергенин, бирок акыркы мүнөттөрдө ал ниетинен баш тартканын маалымдаган.

Тегеран болсо АКШнын агрессивдүү чараларына жооп кайтарыларын эскерткен.

XS
SM
MD
LG