Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Журналист жана тарыхчы Кара-Мурза дүйнө салды


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

Тележурналист жана тарыхчы Владимир Кара-Мурза 28-июлда 59 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун уулу, кенже Владимир Кара-Мурза “Твиттердеги” баракчасына жазды.

1990-жылдары Кара-Мурза “Останкинодо” иштечү. 1993-жылы Орусиядагы алгачкы менчик НТВ телекомпаниясына өтүп, "Сегодня в полночь" деген автордук берүүсүн алып барган. Телеканал “Газпромдун” карамагына өткөндөн кийин журналист ал жактан кетип, ТНТ, ТВ-6 жана RTVi каналдарында эмгектенген. Көп жыл “Эркин/Европа Азаттык” радиосунун орус кызматында “Грани времени” берүүсүн алып барды. Журналисттер союзу ага 1996-жылы “Орусиянын алтын калеми” сыйлыгын ыйгарган.

Соңку жылдары Владимир Кара-Мурза ооруп жүргөн, бир канча жолу инсульт алган.

XS
SM
MD
LG