Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Душанбе абакта отурган 80 ооганды Кабулга өткөрүп берди


Тажикстан бийлиги абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Ооганстандын 80 жаранын Кабулга өткөрүп берди. Эми алар калган мөөнөтүн өз өлкөлөрүндөгү абактарда өтөйт. Ооганстандын Душанбедеги элчилигинин басма сөз катчысы Фахим Кухдоманинин 28-июлда “Эркин/Европа Азаттык” радиосунун тажик кызматына айтканына караганда, бул адамдар ооган-тажик чек арасындагы “Төмөнкү Панжи” көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу таңкы саат төрттө өткөрүлүп бере баштады.

Ооган дипломаттарынын маалыматына караганда, Тажикстандын түрмөлөрүндө 90дон ашуун ооганстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү маңзат аткезчилиги жана чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн соттолгон.

Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмон май айында Ооганстандын тышкы иштер министри Салохуддин Раббани менен жолукканда абакта отурган жарандарды өткөрүп берүүнү макулдашкан.

Түрмөдөгүлөрдү өткөрүп берүү эл аралык жана эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлдү. Тажик бийлигинин белгилешинче, “оор кылмыш кылгандарга, террордук аракеттерге катыштыгы үчүн кармалгандарга, чек арачыларды жарадар кылган аткезчилерге карата бул келишим иштебейт”.

Буга чейин Кабул Ооганстандын абактарында отурган сегиз тажикстандыкты Душанбеге өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG