Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Навальный “түшүнүксүз аллергия” менен ооруканага түштү


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда оппозициячыл саясатчы, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун башчысы, №1 атайын кармоо жайында административдик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Алексей Навальный 28-июлда эртең менен клиникалык ооруканага жаткырылды. Учурда ал терапия бөлүмүндө дарыланууда. Фонддун басма сөз катчысы Кира Ярмыш дарыгерлер Навальныйга “курч аллергиялык реакция” деген аныктама бергенин билдирди. Маалыматка караганда, саясатчынын бети шишип, териси кызарып кеткен. Ал эмнеден аллергия болгону аныктала элек. Ярмыш буга чейин Навальныйдын эч нерсеге аллергиясы болбогонун билдирди.

Саясатчынын үзөңгүлөшү Леонид Волков июнь айында ошол эле камерада 28 сутка отурганын, ал да “бети шишип, кызарып”, бир апта дарыланганын айтып берди. Ал муну “түшүнүксүз аллергия” деп атап, атайын кармоочу жайды текшерүү керектигин белгилеген.

25-июлда Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Ага "коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин кайталап бузган" деген айып коюлган.

Ал 27-июлда Москва шаардык мэриясынын алдында шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, мөөнөтсүз нааразылык акцияны баштоону сунуштап жаткан.

XS
SM
MD
LG