Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

Түркмөн ырчылары президенттин өлүмүнө ишенбөөгө чакырып жатат


Түркмөн президентинин өлүмүнө ишенбөөгө чакыргандар: Селби Тувакгылыжова, Ягшы Гошунов, Бегмырат Амангулыев
Түркмөн президентинин өлүмүнө ишенбөөгө чакыргандар: Селби Тувакгылыжова, Ягшы Гошунов, Бегмырат Амангулыев

Түркмөнстанда айрым эстрада ырчылары, блогерлер социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу мекендештерин президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу кабарга ишенбөөгө чакыра баштады. Анда #duryalan ("токто, жалган") деген хештэг менен жазылган билдирүүлөрдө негизинен президентке өмүр тилеп, жалган маалымат тараткандарга каргыш айтылды. Өз өмүрүн өлкө башчысы үчүн садага чабууга даяр экенин айткандар да болду.

Ушул жуманын башында Гурбангулы Бердымухамедов мезгилсиз ажал тапканы тууралуу кабар тараган. Түркмөнстандык дипломаттар анын өлгөнү тууралуу кабарды жокко чыгарышкан. Мунун алдында Бердымухамедов эки аптадай коомчулукка чыкпай калган.

24-июлда Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы "Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү, түркмөн лидери өзбек президентин туулган күнү менен куттуктады" деп билдирген. Андан көп өтпөй Түркмөнстандагы маалымат каражаттары "Бердымухамедов 15-августка чейин эмгек өргүүсүндө экенине карабай Ашхабад шаарын өнүктүрүү долбоорун талкуулоого катышканы тууралуу" берүү көрсөтүшкөн.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарат жана адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту таң калтырып келет.

XS
SM
MD
LG