Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

Сузакта Музаффар Исаковдун соту болот


Музаффар Исаков.
Музаффар Исаков.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковдун ишин кайра карай баштайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Сузак райондук соту 15-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковду жана аны менен кошо айыпталып, беш жылга соттолгон эки адамдын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган. Бул чечим Жогорку соттун ишти кайра кароо тууралуу 3-июлда чыгарган бүтүмүнүн негизинде кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Музаффар Исаковго 2017-жылы Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага “2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган.

Быйыл 14-майда Жалал-Абад облустук сотунун чечимине ылайык Музаффар Исаков Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү (“Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан тобун же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат”), 320-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынган.

Исаков былтыр декабрь айында депутаттык мандатын өз ыктыяры менен өткөрүп берген. (RsK/КЕ)

XS
SM
MD
LG