Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:09

“Оймо” фестивалы Ысык-Көлдө уланат

"Оймо" фестивалындагы көрүнүш. 2017.
"Оймо" фестивалындагы көрүнүш. 2017.

Кыргызстандын жана алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү катышкан “Оймо” фестивалы ушул жума Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланат. Борбор азиялык кол өнөрчүлөрдү колдоо ресурстук борборунун жетекчиси, фестивалдын уюштуруучусу Динара Чочунбаеванын айтымында, быйыл кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган жаңы дизайндагы буюмдар сунушталууда.

25-июлда Бишкекте башталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан, Грузия, Орусия, Индия, Иран өлкөлөрүнөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Ар кайсы темада жармаңке-көргөзмөлөр, мастер-класстар өткөрүлүп, кыргыз кинолору көргөзүлдү. 

Аталган фестивал 14 жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлүп келатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG