Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

Керебетте колу тушалып отурган кыздын окуясы териштирилүүдө


Кыздын апасы Бишкекке иштегени кеткен.
Кыздын апасы Бишкекке иштегени кеткен.

Чүйдө милиция кызматкерлери эки колу тушалган өспүрүм кыздын окуясын териштирип жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Назира Имангазиева кабарлагандай, 26-июлда жашоо шарты оор үй-бүлөдө тарбияланган балдар боюнча атайын рейд учурунда Таш-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринен колу тушалып, керебетте отурган тогуз жаштагы кыз табылган.

- Сураштырганда таенеси кыздын апасы Бишкекке иштегени кетип, ошо бойдон дайынсыз болуп жатканын, небереси улам үйдөн качып жаткандыктан ошентип байлап коюшканын айтып берди.

Кыздын атасы сегиз жыл мурда каза болгону белгилүү болду.

Таенесинин айтымында, кыздын колун 14 жаштагы эжесине байлатышкан.

Кыз Бишкектеги Балдарды коргоо борборуна алты айга жайгаштырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG