АКШнын Калифорния штатында жекшемби күнү өткөн "Гилрой сарымсак фестивалындагы" ок атуудан үч кишинин өмүрү кыйылды. Он бешке чукул адам жаракат алды.
28-июлда фестивалга келген кишилерге кол салган адам атып өлтүрүлдү.
Гилрой шаарынын полициясынын башчысы Скот Смити тартип коргоо органдары бул окуяга "бир мүнөткө жетпеген убакыт ичинде жооп кайтарганын айтты.
Күбөлөр чогулгандарга ок аткан адамды 30 жаштагы эркек киши деп сүрөттөштү. Полиция бул окуяга байланыштуу экинчи шектүү да изделип жатканын билдирди.
"Гилрой сарымсак фестивалына" жыл сайын он миңдеген адам катышат. Анын алкагында көңүл ачуучу иш-чаралар өтүп, сарымсактан жасалган балмуздак сунушталат.
Жергиликтүү ыктыярчылар тарабынан уюштурулган үч күндүк фестивалдын алкагында мектептерге, кайрымдуулук уюмдарына каражат чогултулат.
Калифорния: фестивалдагы ок атуудан үч кишинин өмүрү кыйылды
