Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Адвокат: Салянованын абалы жакшыра элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аида Салянованын абалы жакшыра элек. Бул тууралуу бүгүн 29-июлда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди:

- Абалы ошондой эле. Тиешелүү дарылана албай жатса кантип жакшырмак эле.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында отурат.

Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтууда.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Салянованын саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип келет.

9-июлда адвокат "Салянованын алы кетип, дем жетпей, энтигип жатканын, мындай абалдагы адам кардиологдун түздөн-түз көзөмөлүндө болушу керектигин” айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG