Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Москвада ишембидеги акцияда кармалгандардын соту өтүүдө


Москвадагы кармоо менен коштолгон акция, 27-июль 2019-жыл.
Москвадагы кармоо менен коштолгон акция, 27-июль 2019-жыл.

Орусиянын борбору Москвада ишемби күнкү нааразылык акциясында кармалгандардын соту өтүп жатат. Оппозиционер Илья Яшинди Щербинский райондук сотуна алып келишти. "Навальный-LIVE" студиясынын алып баруучусу Владимир Миловдун иши Симоновский райондук сотунда каралганы жатат.

"ОВД-Инфо" укук коргоо порталы соттук жараяндар Москванын баш-аягы 22 сотунда өтөөрүн маалымдады. Сотко орус баш калаасындагы 70ке чукул полиция бөлүмүндө кармалып турган адамдар алып келинет.

27-июлда шаардык думага катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп, жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыккан. Полиция демонстранттарды кууп тараткан. Андан жетимиштей адам ар кыл деңгээлдеги жараат алганы белгилүү болду. Акция маалында 1300дөн ашуун адам кармалган. Алардын ичинен эки жүздөн ашуун киши соңку эки сутканы камакта өткөрүштү. Күбөлөрдүн айтымында, кармалгандардын арасында акцияга байланышы жок жөн-жай адамдар да бар.

Кремль жүздөгөн адамдын камалышы менен аяктаган митинг тууралуу азырынча комментарий бере элек. Европа Биримдиги жана "Amnesty International" укук коргоо уюму Москванын борборунда өткөн акциянын катышуучулары камакка алынганын айыптады.

XS
SM
MD
LG