Тоң районунун Үч-Коргон жайлоосунда Салбуурун фестивалы өттү. Фестивалга чет элдик жана ички туристтер күбө болушту. Иш-чарага жалпысынан 300дөй адам катышып, бүркүт салуу, ителги салуу, жаа атуу өңдүү бир катар улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Салбуурун өнөрүн элге жайылтууга кошкон салымы үчүн айрым катышуучуларга ыраазычылык барактары тапшырылды.
Иш-чара Тоң районунун мамлекеттик администрациясы, "Тескей жээк” этно маданий туризм дестинациясы, Салбуурун федерациясы менен биргеликте уюштурулган. (KS)