Түркмөнстанда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун "өлүмү" тууралуу маалымат тараткан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» (ТХ) басылмасы өз кабарчыларына жана булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 25-июлдан бери «Түркмөнтелеком» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмүнүн бир кызматкери, Суу чарба башкармалыгынын жана жергиликтүү Турак жай-коммуналдык чарбасынын бирден жумушчулары кармалган. Азырынча бул маалыматты башка көз карандысыз булактар ырасташа элек.
Мурдараак Түркмөнстанда айрым эстрада ырчылары менен блогерлер социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу мекендештерин президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу кабарга ишенбөөгө чакырышкан.
21-июлда бир катар интернет басылмалары түркмөн президентинин каза болгону тууралуу маалымат таратышкан. Бирок түркмөн элчилери бул кабарды төгүндөп чыгышкан. Көп өтпөй Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Кийинчерээк Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы да Бердымухамедовдун кыска видеосун көрсөткөн.