Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:22

Жыл башынан бери адам сатууга байланыштуу сегиз кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери адам сатууга байланыштуу сегиз кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

“Былтыр бир жылда сегиз кылмыш иши козголгон. Быйыл жыл башынан бери ушунча факт катталды. Бирок бул иштер сотко жете элек. Тергелип, сотко өткөндө башка сан болушу мүмкүн”.

Бүгүн адам сатууга жана эксплуатацияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга байланыштуу Бишкекте мамлекеттик жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү, эксперттердин катышуусунда конференция өтөт. Ала-Тоо аянтында фотокөргөзмө ачылат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2017-жылы адамдардын кулчулукка кабылганына байланышкан 8-10 кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар элдин баары эле укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, адам сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп келет.

Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган. Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG