Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Помпео: Трамп Ооганстандагы аскерлерди 2020-жылдын күзүндө кыскартууга ниеттенүүдө

Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео президент Дональд Трамп Ооганстандагы аскерлердин санын 2020-жылдын күзүндө кыскартуу ниетинде экенин билдирди. Мындай билдирүүнү Помпео 29-июлда коммерциялык эмес Экономикалык клуб тышкы саясат боюнча Вашингтондо уюштурган талкуу учурунда айтты.

"Кошмо Штаттар келерки президенттик шайлоого чейин Ооганстандагы аскерлерин чыгарышы мүмкүнбү?"– деген суроого жооп берген Помпео “Бул АКШ президентинин мага берген тапшырмасы” – деди.

“Ал эки жүздүү болгон жок. Бүтпөс согушту аягына чыгаргыла, азайткыла, кыскарткыла, бул жерде биз эле эмес деген”, - деди Помео Трамптын директивасы тууралуу айтып. “Ал аймакта аскер күчтөргө муктаждык азайды деп ишенебиз”,- деп кошумчалады.

АКШ Ооганстандагы 17 жылдык согушту токтотуу аракетин көрүп, анын алкагында талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылып келет. Акыркы маалыматтарга караганда, Ооганстандын 40% кем эмес аймагын "Талибан" көзөмөлдөп турат. Помпео талибдер менен тынчтык сүйлөшүүдө “реалдуу жылыш” бар экенин белгиледи.

Мамлекеттик катчынын комментарийи талибдер менен кезектеги сүйлөшүүнү өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан учурга туура келүүдө.

Сынчылар Трамптын максатын ачыкка чыгаруу талибдер менен сүйлөшүүдө АКШнын позициясын бошоңдотот деп айтышууда.

26-июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти Помпео менен Ооганстандын президенти Ашраф Гани телефондон сүйлөшүп, согушту токтотуу боюнча “аракеттерди тездетүүнү” макулдашканын билдирген.

XS
SM
MD
LG